Бугу 09, 2024
Убакыт: 08:32
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Тейитбек баласынан Тайторусун аягандай, уулуңардан 10 млн ду кызгандыңарбы?

25.01.2021 09:28
6980
Тейитбек баласынан Тайторусун аягандай, уулуңардан 10 млн ду кызгандыңарбы?

Курманбек баатыр Калмактар менен кармашаарда атасы Тейитбек хан, Телторусун бербей коет эмеспи. Бул деген карөзгөйлүк менен карасанатайлык, чыккынчылык менен кыянаттык катары сүрөттөлгөн кичи эпостогу драмалык эпизод. Мунун мааниси өтө терең. Кеп, атасы баласынан минген атын аяп койгонунда эмес. Кандай ата өз баласынын өлүмүн каалагандыгы сүрөттөлөт. Бүгүн ошол окуя кайталангансып көрүндү мага. Албетте  жоого аттанып аткан эч ким жок дечи. Бирок кыргыздар душман көзүнө, жаманын жашырып, жакшысын ашырган эл эмес белек...Тескерисинче, "коробой жүргөн акча беле, бир жолу тиштенип, сырттан келген коноктор үчүн жакшынакай ант берсин"! Деген эч ким болгон жок...Эртеңкибизди ойлобой эле күнүмдүк жашап калдык. Алар деле "Кыргыздар теңине албай койду"! Дешпейби? Деген эч ким жок. Башка өлкөлөрдүн океан кечип келген президенттерин кой, тоонун наркы бетиндеги кудаң келсе, жокту бар кылган пейилиң бар эмес беле? Дүркүрөтүп  тоюңа миңдеген конок чакырып 10 млн ду төрт саатта чачып салган жайыбыз бар эмес беле? Бул деген өлкөнүн намысы да. Бул деген элдик майрам да.  Же байкуш болуп көрүнөлү дедикпи? Мусаапыр экен дешсинби? Кредит берет дедикпи? Же Тейитбек баласынан Тайторусун аягандай, уулуңардан 10 млн ду кызгандыңарбы? Анча болду, эмне кийип келишин дагы айтып койгула!


Бул албетте, тек гана жеке оюм.


Инаугурация тургай, үй-бүлөсүнүн бир айлык чыгашасы менен кирешесин санабаган кыргызга эмне болду дейм да? Буга чейинки президенттер деле мамлекеттин эсебинен өткөрүп келген инаугурациясы үчүн, ого бетер жек көрүүгө туура келет экен да. Анын чыгымы канча экенин буга чейин ким билет эле...билбей эле калсак болбойт беле? Кайсы кара курт берди бул маалыматты. Эми аны айтпаса деле түшүнүктүү...


Намыс үчүн 10 млн сом деген эмне? 10 млн ду 100 000 миң шаар тургундарына бөлө келсе 100 эле сомдон тие турган тыйын экен. Миллиарддар желип атканда унчукпаган бизге эмне болду? Чет өлкөдөн канчалаган коноктор келет? Протокол деген бар да. Талап-эреже деген бар да.  Билбейм деги...


Замир Казакбаев

Пикирлер (10)

Коопсуздук коду
Кубаныч
Башында эле чыгармада, ата баласына кара каршы койу образын жаратып койгон автор! ! Тарбиялык жактан бул туура эмес, эч качан баласы атасын укпай койгон эмес, тейит чал канчалык начар киши болсо да, Курманбек атасына угуш керек эле, демек орто жолдо ошол убакта бузуку, куйтулар болгон экен! автор жер, элди бийик койуп, атанын баркын түшүрүп салган.. жөндөн жөн Ата мекен дебейбиз .. Курманбек чыгырмасын тыюу салыш керек!
Туура
Туура,мен да сизди колдойм.Эми Кудайдын көзү түз болсун,буюрса баары жакшы болот,ошондо эмне дешет бут тозгондор.........
Каныбек
Мынча күйүп бЫшкан болуп көрүнүпсүн ,күүлөп эки адамды жөн эле уруштурганга жарагыдай куйту окшойсун
Асман
Пенсионерлер бериштиго ошону үнөидөбөстон шайлоодо оңго,солго чачты.
Бакытбекова
Автор толугу менен кошулам сизге,бул көрө албастардын арты күйүп бут тосуп жатышканы.Сонун инаугурациясын өткөрө берсин себеби эки айда эле миллиардарды кустурду!!!!!