Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев "Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын Түркиянын атайын чалгындоо кызматкерлери тарабынан өлкөдөн чыгарылып кеткени боюнча билдирүү жасады.
Депутаттын айтымында, Түркиянын мындай аракети Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө шек келтирет.
"Белгилүү агартуучу Орхан Инанды боюнча кайрылуу. Бийлик калп айтканы аз келгенсип, элибизди, мамлекетибизди басмырлоого негиз түзүп берип жатканы үчүн жооп берет",- деп билдирүү калтырган.
Пикирлер (1)