Ош облусунда тик учактын кулашы боюнча ачылган кылмыш иши жабылды. Бул тууралуу 24.кг агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.
Маалыматка караганда, кылмыш иши жабырлануучу тараптардын эч кимге доо арызы болбогондуктан кыскартылган.
Тик учактын кулашы боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыккан. Ага ылайык учак өзгөчө аба ырайынан улам кулаган.
Эскерте кетсек, 4-июнда Кичи Алайда УКМК кызматкерлери менен бара жаткан МИ-8 тик учагы кулап, өрттөнүп кеткен. Ичиндеги 14 адам ар кандай жаракат алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн