Бугу 13, 2024
Убакыт: 10:23
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Тил саясатын өркүндөтүү учурдун актуалдуу талабы (фото)

12.06.2020 19:59
1356
Тил саясатын өркүндөтүү учурдун актуалдуу талабы (фото)


Вице-премьер-министр Аида Исмаилова 2021-2025-жылдарга Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн программасынын долбоорун талкулоо боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

 

Жыйынга Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев, Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Джуматаев, ошондой эле бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

 

Назаркул Ишекеев мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын жаңы долбоору боюнча кыскача маалымат берди.

 

Өз кезегинде вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендей, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү маселеси учурдун актуалдуу талабы болуп саналат.

 

«Жалпыбызга маалым болгондой, “Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жаӊыланган сапаттуу программа иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеген. Бул багытта бир катар кадамдар жасалып жатат, ошол эле учурда мамлекеттик тилди өнүктүрүү, телеберүүдөгү мамлекеттик тилдеги маалыматтык контентти өндүрүү сапатын жакшыртуу үчүн санариптик технологияны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, мектептерде кыргыз тили сабактарынын санын көбөйтүү маселесине басым жасалышы тийиш”, - деп билдирди вице-премьер-министр. 

 

Жыйындын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программанын аткарылышын талдоого алып, 2021-2025-жылдарга өнүктүрүү программасынын долбоорун жакшыртуу боюнча сунуштарды берүү тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн