Бугу 21, 2025
Убакыт: 22:28
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.080
1.110

Чек арадан кармалган Тилек Матраимов кыргыз тарапка өткөрүлүп, СИЗОго киргизилди

09.10.2020 09:59
985
Чек арадан кармалган Тилек Матраимов кыргыз тарапка өткөрүлүп, СИЗОго киргизилди


Өзбекстандын чек арачылары 9-октябрда кыргыз тарапка мамлекеттик чек араны бузган жарандарды — 1967-жылы туулган Тилек Матраимовду, 1989-жылы туулган Зиябиддинбек Кочкорбаевди жана 1979-жылы тууган Махсуда Ахмедовду өткөрүп беришти. 


УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, бул жарандар 6-октябрда Өзбекстандын чек арачылары тарабынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү учурунда кармалган. 


УКМКнын тергөө органдары 9-октябрда КРнын Жазык кодексинин 358-беренеси боюнча чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. 


Учурда кармалгандар УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн