Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Тилек Текебаев Пекинде транспорт тармагын туруктуу өнүктүрүү боюнча форумга катышты

26.09.2023 16:10
203
Тилек Текебаев Пекинде транспорт тармагын туруктуу өнүктүрүү боюнча форумга катышты


Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Пекин шаарында өткөн "Туруктуу транспорт: глобалдык өнүгүү үчүн кызматташуу" форумуна катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чарага алдыңкы эл аралык уюмдардын, компетенттүү мамлекеттик мекемелердин жана ондогон өлкөлөрдүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнөн жалпы миңге чукул адам катышты.

Иш-чаранын ачылыш аземинде Кытай лидери Си Цзиньпиндин билдирүүсүн КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Хэ Лифэн окуп, катышуучуларга өлкө жетекчисинин "Биз бардык өлкөлөр менен кызматташууга даярбыз жана транспорт тармагындагы туруктуу өнүгүүнүн натыйжалары бардык мамлекеттердин элдеринин бакубаттуулугуна мындан да күчтүү таасир берүүсүнө көмөктөшөбүз" деген жылуу пикирин жеткирди.

Мындан тышкары, министр 25-сентябрда өткөн "Кытай+Борбор Азия" форматында Транспорт министрлеринин биринчи жолугушуусуна катышты.

Анын жүрүшүндө өз ара байланыш, ошондой эле аймактагы транспорттук жана логистикалык кызматтарды өнүктүрүү, аймактагы мамлекеттердин жана башка өнөктөш өлкөлөрдүн ортосундагы соода байланыштарын өнүктүрүүгө таасир этүүчү интермодалдык, мультимодалдык чек аралар аралык жана транзиттик коридорлор тармагын кеңейтүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында "Кытай - Борбор Азия" Транспорт министрлеринин жолугушуу механизмин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюлду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн