Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:17
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Тилек Текебаев чалкалап жатып пара алган 13 кызматкер боюнча пикирин билдирди

06.04.2023 16:18
580
Тилек Текебаев чалкалап жатып пара алган 13 кызматкер боюнча пикирин билдирди

Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаевдин пара менен УКМК тарабынан кармалган 13 кызматкер тууралуу пикирин билдирди. 


"Мыйзам баарына бирдей! Транспорт жана коммуникациялар министрлиги коррупция менен болгон күрөштү колдойт жана пара алган кызматкерлер мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылуу керек деп эсептейт. 


Биздин министрлик ачык-айкындуулукту жана коррупция менен аёосуз күрөшүү жолун улантат. Министрликтин репутациясына доо кетирген жана берилген милдеттерин так аткарбаган кызматкерлердин ордуна кесипкөй адистер алынып турат",- деди министр.


Эскерте кетсек, буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Кара-Көл шаарындагы салмак-габаритти көзөмөлдөө постунда туруктуу коррупциялык схема аныкталып, аталган министрликтин 13 кызматкери кармалганы кабарланган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн