Учтун айы 18, 2025
Убакыт: 01:03
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.845
0.880

Тилек Текебаев кытайлык инвесторлор менен бир катар долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

27.12.2024 13:24
787
Тилек Текебаев кытайлык инвесторлор менен бир катар долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады


Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Кытайдын "Кытай Эл аралык экономикасы-Цзянсу провинциясынын техникалык тобунун" директорунун орун басары Юань Ган баштаган делегация менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, тараптар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады.

Тилек Текебаев облустун туризм тармагын өнүктүрүү максатында Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагындагы "Кичи шаркыратма-Жаңы-Базар" участкасындагы 2 чакырым аралыгына жана Жалал-Абад шаарынын Курорт аймагына асма жол куруу долбоорун сунуштады.

Ошондой эле жолугушууда Таш-Көмүр шаарында цемент заводун куруу жана Жалал-Абад шаарынын таштанды таштоочу жайындагы калдыктарды кайра иштетүү менен электр энергиясын өндүрүү долбоорлорун ишке ашырууну 2025-2026-жылдарга карата баштоо тууралуу сөз болду.

Жыйынтыгы менен тараптар өз ара кызматташуу боюнча меморондумга кол коюшту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн