Бугу 11, 2024
Убакыт: 10:48
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Тилек Токтогазиев кызматтан кеткиси келбей жатабы?

01.02.2021 15:41
1957
Тилек Токтогазиев кызматтан кеткиси келбей жатабы?

Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев кызмат орду боюнча пикирин "Спутник" Кыргызстан агенттигине билдирген.


Бүгүн белгилүү болгондой, өкмөт башчылыкка талапкер Улукбек Марипов министрликтин структурасы өзгөртүлүп, "Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиги" деп аталарын маалымдады. Курамына Токой чарба агенттиги менен Суу ресурстары агенттиги киргизилмекчи. Марипов мындан улам тажрыйбалуу министр керектигин белгилеп, Токтогазиевдин ордунда калары арсар экенин айтты.


"Кызматтан кетүү тууралуу мага эч ким айткан жок. Азыр ушул маселе боюнча чогулушка бара жатам. Жыйынтыгы кандай чыкканын анан айтам. Тажрыйбалуу адамдарды деле көрдүк да, алар эскиче тажрыйбаны колдонот. Азыр революциялык кадамдарга барышыбыз керек. Өткөн жумада ассоциациялар менен биргеликте министрликтин өнүктүрүү концепциясын иштеп чыктык. Функционалдык анализ жүргүзүп, ар бир тармакты талдадык", — деди Токтогазиев.




Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Улан Мукашов
Жаңы иштеп, жаңы идеялар менен иштеп аткан Тилекти алмаштыруу кажетсиз. Мен ишенем 2 ( эки ) жылда Тилек аябай чоң өзгөртүү киргизет министрликке.