Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 18:00
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Тилек Токтогазиев менен учурдагы айыл чарба министри айтыша кетти

15.06.2021 13:35
1313
Тилек Токтогазиев менен учурдагы айыл чарба министри айтыша кетти


Тилек Токтогазиев менен учурдагы айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков социалдык тармактардын биринде айтыша кетишти. Буга себеп Жаныбековдун жазган посту болду.


"Кызматка келгенден кийин дароо үрөн чарбаларын көзөмөлдөө боюнча комиссия түзүп, өлкө аймактарын кыдырдым. Буга чейин мындай комиссиялар министрликтин кызматкерлеринен гана турган болсо, бул жолу алардын курамына жеке сектордун көзкарандысыз эксперттери кирди. Мониторингдин натыйжасында өлкөдөгү үрөн чарбалардын 40% га жакыны өз статусун жоготту", - деп жазган министр.


Токтогазиев чиновниктин постуна дароо реакция жасаган.


"Эсимде, мен ноябрь айында өзүмдүн буйругум менен ушул комиссияны бекиткен элем. Мен бул комиссиянын курамына кадыр-баркы таза, көз карандысыз адамдарды кошком. Алардын айтымында, министрликтин жана министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун карамагында турган үрөнчүлүк чарбалары аттестациядан өткөн эмес. Алар талаптарга жооп бербейт, буга фото жана видео тасмалар күбө. Сураныч, ушул маселе боюнча маалымат берип коюңуз", - деп жооп кылган экс-министр.


Өз кезегинде министр Аскарбек Джаныбеков мурунку кесиптешине "хайп" кылууну токтотууну сунуштады.


Бирок бүгүн министрликтин басма сөз кызматы Токтогазиевдин айткандарын четке какты. "Экс-министр Токтогазиев тарабынан үрөн чарбаларын кайрадан сертификациялоо боюнча комиссия түзүү жөнүндө 2021-жылдын 20-январында №11 буйрук чыккан, бирок жагдайга байланыштуу буйрук аткарылган эмес", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн