Бугу 11, 2024
Убакыт: 17:31
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Тилек Токтогазиев министрликте кадрларды тазалайбы?

29.12.2020 10:46
777
Тилек Токтогазиев министрликте кадрларды тазалайбы?

«Коррупцияга күрөш катуу болуп жүрүп жатат. Буга байланыштуу бир-эки күндө билдирүү жасайбыз», - дейт айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев.


«Мен кызматка келгенимде эле министрликтеги кадрдык өзгөрүүлөрдөн баштадым. Дагы деле ички териштирүүлөр жүрүп жатат. Министрликте бир да кызматкер коррупцияга аралаша албайт.

Бул нерселердин алдын алуу максатында атайын жарандардар ортосунда атайын байланыш номурун ишке киргизгенбиз. Ал жакка жарандар кандайдыр бир коррупциялык иштерди байкап калса, же туура эмес иштерге күбө болсо, биз менен байланыша алат.

Белгилеп кетчү жагдай, бизге абдан көп маалымат келип түштү. Ал маселе боюнча иликтөө жүргүзүп, тиешелүү чаралар көрүлөт. Буга байланыштуу жакында айыл чарба министрлигинде аябай чоң өзгөрүү болот. Ал ошол кадр маселесине тиешелүү.

Жакында дагы бир аябай чоң кадрдык өзгөрүү болот, анын ким экенин айтпай эле коеюн.  Ал жаңылыкты ЖМКлар аркылуу биле аласыздар», - дейт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн