Премьер-министрлик кызматка сунушталып жаткан Улукбек Марипов Тилек Токтогазиевдин өкмөттүн курамына кирбей калышы боюнча пикирин билдирди.
"Тилек Токтогазиев дасыккан кадр. Аны эске алабыз. Ал боюнча оюм жаман эмес, анын тажрыйбасын сөзсүз колдонобуз. Өзү менен кеңешейин, ал менен жолуга элекмин", - деди ал.
Эске салсак, Тилек Токтогазиев Айыл чарба министрлигинин милдетин аткарууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн