Таиланддын борбору Бангкок шаарынын аталышы өзгөрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы аталыш тай элинин тарыхый мурастарына байланыштуу болуп Krung Thep Maha Nakhon болуп өзгөргөн.
Бул аталыштын кыргызча мааниси "периштелер жашаган улуу борбор" деген түшүнүктү туюнтат.
Ал эми шаардын расмий эмес аталышы Бангкок боюнча калат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн