Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 22:53
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Тимур Файзиев Балбак Түлөбаевге жооп кайтарды

14.01.2022 23:42
4130
Тимур Файзиев Балбак Түлөбаевге жооп кайтарды


Ысык-Көлдөгү Асман шаарын курууга бел байлаган Тимур Файзиев Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаевга кайрылуу жасады.


"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Түлөбаев Балбак Зарлыковичке кайрылуу:


Урматтуу Балбак Зарлыкович,

Кыргыз элинин эң эле масштабдуу проектине кайдыгер карабаганыңыз үчүн рахмат! Сиздин тынчсызданууңузду туура түшүнөм. Биз позитивдүү көз караш менен өлкөнүн өнүгүүсүнө мамиле кылсак, анда кандайдыр бир алдыга карай жылыш болот деген ойдомун. Бул долбоорго мени жетекчи болуп дайындалганыма бир канча күн мурун гана ишке кирди. Ин Ша Аллах, алдыда баардык түшүндүрүүлөр, макеттер жана эл алдына татыктуу проектти талкууга алып чыгуу пландаштырылган. Бул чыныгы Кыргызстандын масштабдуу, өлкө өнүгүүсүнө жол ача турган проект. Андыктан бүтүн шаар куруу бул бир гана адамдын алы жете турган иш эмес - толугу менен биргелешип ынтымактуу ишке ашыра турган ири маселе.

Учурда долбоор үстүндө эң мыкты адистер - урбанисттер, экологдор, геологдор, архитекторлор жана башка эксперттер менен биргеликте иштеп жатабыз. Айта кетейин, азырынча курулуш иштери баштала элек, себеби проект дүйнөлүк жана Кыргызстандын баардык нормаларына шайкеш болуусу зарыл. Ал үчүн учурда талкулоо, изилдөө, пландоо жана саноо иштери жүргүзүлүүдө.

Баардык суроо талаптар көзөмөлдө, иш кызып, жанданып, келечектеги Асман экошаарынын курулушуна баардык күчтөр жумшалууда. Албетте, коомчулукта пайда болгон суроолорго жооп берип, биргеликте долбоорду ишке ашырабыз.

Асман шаары - бул Кыргызстандын экономикалык жактан өркүндөөсүнүн туруктуу башаты!", - деп жазылат ишкердин Фейсбук баракчасындагы кайрылуусунда.

Белгилей кетсек, эл өкүлү кылмышка шектүү жарандын долбоорду жетектеши туура эместигин айтып, каршы экенин билдирген.

Пикирлер (5)

Коопсуздук коду
Кубатбек добулбеков
Откон дордо таза адамдардын баарызы кылмышкер, аферис, эл душманы деп аталып, понтовик болуп кетпедиви.
Narmirzaev Narmirzaev
Асман шаарынын курулушуна каршы эмесмин себеби адамдар жумуш мн камсыз болот, адамдардын Бишкек шаарына келиши жайлайт жаны офистер, ишканалар ачылат. Бир жагынан кооптонгонум курулуш башталгандан кийин аягына чыгабы деген ой тынчсыздантат мени! Ошого терээн ойлонууп анан курулушту баштаса деген ойдомун! Бирок курулушка каршы эмесмин 👍кимдир бироо баары бир башташ керекко 🤔
bolotbek
Мое личное мнение на счёт Асмана.Рановато кто-то задумал строит город в стране у которого ещё внешнего долга хватает,внутренних проблем-море, нехватка сырья, нехватка продуктов,никаких заводов,не экспорта-нормального,не дороги-нормального,не энергетического независимости-так мы что????- должны строить второй Нурсултан что ли........Одумайтесь , задайте себе вопрос?????Кто будет жить в этом , так высоко называемом " Асмане"...............
Расул
Файзиев так держать я поддерживаю город Асман.
куба
Файзиев жаны доордун адамы жаныча ойлонот, креативтуу иш-билги менеджер, президенттин тандоосу эн туура болгон, жемишин жакын арада чогуу коробуз.