Бугу 04, 2024
Убакыт: 09:42
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Тимур Саралаев: Буга чейин аскердик техниканы бекемдегенибиз душмандын агрессиясынын мизин кайтарды

19.09.2022 16:35
527
Тимур Саралаев: Буга чейин аскердик техниканы бекемдегенибиз душмандын агрессиясынын мизин кайтарды



Соңку күндөрдүн окуялары ар тараптуу иликтөөлөрдү жана терең анализдөөлөрдү талап кылышы албетте талашсыз, ага бир аз убакыт керек. Ал эми азыркы маалда болуп жаткан көрүнүштөр чоң суроолор катары оркоюп чыгып турат.  Мындай пикирин Тимур Саралаев билдирди.


Анын айтымында, Тажикстандын агрессиясынын мизин кайтарууга буга чейин Кыргыз Чек ара кызматынын техникалык жактан кубаттанганы пайдасын тийгизди 



"Өлкөбүздүн бүтүндүгүн бузуп кирип келгендер кимдер, таджик аскери, же Рахмондун жалданма баш кесерлериби?! Менимче жалданмалар, анткени ошолор гана гумандуулукту түшүнбөйт, кабыл албайт, жалданмалар гана мыкаачылык, террорчулук, каракчылык кылышат. Жалданма жапайылардын гана ынтымагы жок, бири-бирин угушпайт, баш аламан болушуп акыры кырылышат. Аларга салыштырмалуу биздин жоокерлер тартип менен согушуп, өз мекенин коргошту.


Бирок кимиси болбосун, аскериби, же Рахмондун боевиктериби, Кыргызстанды талкалоо жана басып алалы деген эле максаттары болгон анык, дүйнө коомчулугу деле аны көрүп турат. Кандай гана болбосун, аскердик техникаларды бекемдеп албаганда мындан да ары басып кирип кетмек экен. Мисалы үчүн, мурун алган “Байрактар” ишке жараганы талашсыз, душмандын 2 “Град” системасын ж.б., талкалап салганын көрүнүп турат. Аларда “беспилотниктер” жок болгону да, биздин жоокерлерге жардам берди. Буга чейин аздыр-көптүр техниканы бекемдеген үчүн коргонуп калдык, бирок муну менен токтобош керек, мындан да көп техника алуу маселеси мамлекет-эл үчүн №1 маселе болуш керек, орустар айткандай – “Хочешь мира – готовься к войне”",- дейт Саралаев.


Ал ошондой тажик тарап чек арадагы окуяда каза болгондордун санын жашырып жатканын кошумчалады.


"Тилекке каршы, бизде 59 адам каза болду, тажиктерде 300дон ашык адам кырылыптыр деген расмий эмес маалымат келди. Диктатордук мамлекетте албетте жоготуулар жашырылып-айтылбайт. Алар биринчи кол салып, коп чыгымга учурап, алыска (50 чакырым) атуучу техникасы, бронитехникалары, танктары талкаланды. 

Элибиздин күчү ынтымакта экени дагы бир ирээт тастыкталды",- деди Саралаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн