Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 02:19
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Тимур Саралаев: Кемпир-Абад боюнча келишим Кыргызстандын пайдасына чечилди

11.10.2022 13:22
2528
Тимур Саралаев: Кемпир-Абад боюнча келишим Кыргызстандын пайдасына чечилди





Жалгандын дагы чеги болуш керек. Кемпир-Абаддын айланасында билгени-билбегени деле эксперт болуп алышты. 

Бул суу сактагыч убагында Өзбекстандын эгин талаалары үчүн курулуп, плотина алардын аймагында жайгашкан. 

Курулган күндөн тартып Өзбекстан пайдаланып келет. Көп учурлар болгон, аны өзгөндүктөр дагы жакшы билет. Жаанчыл жылдары суунун көлөмү көтөрүлүп, кыргыздардын айдоо жерлерин басып кетчү. Эч ким Өзбекстанга доомат кыла алган эмес, тек гана айдоо жеринен айрылып отуруп калышчу.


Суу сактагыч курулган жылдар аралыгында Кыргызстан суу сактагычтан пайдаланышкан эмес. Бул факт! Жергиликтүү жашоочулар жээгине бара алчу эмес. Балык кармайм деп кирип алгандарды өзбектер кармап кетчү. 


Азыр кандай болгону жатат? 


Суунун көлөмүн эки мамлекет бирге контроль кылат. Мурдагыдай айдоо жерлерди суу басып кетпейт. Эгер суу көлөмү көтөрүлүп бара жатса, бир нукта кармалат.


Каалоочулар балык кармап, кайыктар менен үстүндө сүзүп жүрө алат. Дагы айтам, мурда жээгине басып баралчу эмеспиз. 


Сууну айыл-чарба багытына колдоно алган эмеспиз, бул дагы кашкайган чындык. Өзгөндүн эли дагы муну жок дебейт. Азыркы келишим боюнча, айдоо жерлерге каалаган жерден суу түтүктөрүн тартып пайдалансак болот. 


Дагы кандай келишим болуш керек, мындан артык? “Кемпир-Абадды сатып жиберди”-деп айтып жаткандар ушул суроолорго жооп берсинчи? 

Чек араны мындай идеалдуу кылып чечүү, сындап, акыл үйрөтүп жаткандардын колунан келеби? Азыр сындагандардын көбү кызматта, бийликте болушкан. Эмнеге ошол кезде чече алышкан эмес?


Ошондуктан, ар кайсы саясий кызыкчылыктарды көздөгөн топтун тилине кирбей, так маалыматка ишениңиздер деп айткым келет.

Плотина Өзбекстандын аймагында жайгашкан, келишим ратификация болсо алардын аймагына биздин чек арачылар кирип, плотинаны чогуу карашат. 

Мындай келишим албетте Кыргызстан үчүн пайдалуу. Жөн эле кыйкыра бербей, жыйынтыкка көңүл бурсаңыздар!


Тимур Саралаев, эксперт

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн