Бугу 12, 2024
Убакыт: 03:21
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Тынч океанында көз карандысыз “Калкыма арал” мамлекети пайда болот

27.04.2021 12:37
1149
Тынч океанында көз карандысыз “Калкыма арал” мамлекети пайда болот


Тынч океанында биринчи жолу жаңы көз карандысыз сүзүүчү өлкө пайда болот. Бул өлкөдө өкмөттүк эмес мыйзамдарды ишке ашыруу пландалууда, ал эми жашоочулар өздөрүнүн Vayron криптовалю́тасын колдоно алышат. Арал болуп курула турган бул өлкө Таитиден анча алыс болбойт.


Bilding.TECH басылмасы маалымдагандай, пилоттук долбоор “Калкып турма арал” деп аталмакчы. Аны каржылоого субсидияны Paypal программасынын негиздөөчүсү Питер Тиль салмакчы. Ошондой эле бул аралды түзүүгө Seasteading institute жана Вlue frontiers өкмөттүк эмес уюмдары катышат. Алар Тиля инвест-компаниясы менен бирге Vayron программасынын жардамы менен кайрымдуулуктан түшкөн каражатка каржыланмакчы.


“Калкыма арал” 11 платформадан турат. Аралга 300 үйдүн курулушу пландалууда. Анын бир бөлүгү жашоого берилбей, бош калтырылат. Анткени копманияларга кеңсе катары пайдаланууга ижарага берилмекчи.


Жасалма арал көз карандысыз арал мамлекети статусун алып жүрөт. Ушул тапта анын мыйзамдар жыйнагы иштелип чыгууда. Жакында Конституциясынын долбоору даяр болот. Арал Таитиге жакын болуп курулат жана ал мамлекет менен суу аркылуу каттам жасаса болот.


“Аралдын жашоочлары геосаясаттан жана соода-сатык порблемаларынан эркин болот. Ошондой эле ар кандай климаттын шарттарына ылайык үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон качкындарды кабыл ала алат. Биринчи аралды түптөгөндөн кийин жакшы жыйынтык болсо, башка да аралды курабыз”, - дейт “Калкыма аралдын” долбоорунун изилдөөчүсү жана саясатчы Натали Мецца-Гарсиа.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн