Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 06:06
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Тынчтык Алтымышев: Ар бир Кыргызстандын жараны бир нерсени жакшы билиши керек!

02.09.2021 19:03
2439
Тынчтык Алтымышев: Ар бир Кыргызстандын жараны бир нерсени жакшы билиши керек!


Дүйнөдө кайсыл өлкө болбосун өнүгүү жолун издегенде туризмди биринчи орунга коёт. Бир жылда канча көп турист келсе ошону менен мактанып, канча каражат түшкөнүн жарыя кылышат. Мисалы, Түркия мамлекети эң көп туристтерди кабыл алат. Казынасынын элүү пайызын туристтер толтурат. 


Эми Кыргызстан жөнүндө кеп кылалы. 


Кечээ жакындан бери Индиялыктар менен Пакистандыктар биз аркылуу транзит менен Дубайга учуп башташты. Кээ бирлери бизде студент болуп окуп жүргөндөр. Алар бул жакта калып, окууларын улантышат. Бир эле студент бизге бир жылда 7-8 миң доллар акча калтырат. Контракка төлөйт, визага төлөйт, аэропортко төлөйт, таксиге төлөйт, жатаканага төлөйт, тамак-ашына кетет жана башка чыгымдары да болот. 


Ал эми транзит менен өтүп кетип жаткандар жөнүндө айтсак, ашып кетсе 5-10 күн жүрүшөт. Ошондо дагы жогорудагыдай эле тейлөө кызматтарына төлөгөндө бир турист миң доллар таштап кетип жатат. Акыркы бир айда эле транзит менен өткөн 10 миң турист болду. Бул деген сөз бир айда эле бизге он миллион доллар киреше кирди деген сөз. Дагы бир нерсени билип койгула. Он күнгө келип кеткен бир турист беш Кыргызстандыкты бир жыл бакканга жеткидей каражат калтырат. Демек, канчалык турист көп келсе ошончолук өзүбүзгө пайда. Туристтерди чакыргыла! 


Туристтердин да түрү болот. Алар өлкөнү кыдырат, өздөрү менен салыштырат, бааларга кызыгат, өндүрүшкө кызыгат. Балким, кай бирлери эртең инвестор болуп кайтып келет,товар алат, товар жөнөтөт дегендей. 


Биз ачык өлкөбүз, жабык эмеспиз. Коопсуздук керек бирок, коноктордон көп эле чочуп, коруна бербесек... Тескерисинче, туристтерди чакырсак.


Тынчтык Алтымышев, журналист 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн