Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 17:47
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Тынчтык Алтымышев: Тишибиздин кирин соруп тапкан акчабызды энерго барондорго берүүгө каршымын

23.04.2021 14:28
1670
Тынчтык Алтымышев: Тишибиздин кирин соруп тапкан акчабызды энерго барондорго берүүгө каршымын

Урматтуу элим! 

Биздин тишибиздин кирин соруп чогултуп, электр энергиясына төлөп жаткан акчалар 100 % -электр энергиясынын өндүрүлүшүнө, тармактын карызынын жабылышына, жаңы технологиялардын киргизилишине жумшалып жаткан болсо мен ушул эле тарифтерге макул элем. 

Бирок, биздин акчалардын көп бөлүгү энерго тармактагы чиновниктердин эле чөнтөгүнө кетип жатканын билип, ичимен кара кан өтүп төлөйм!

Убагында канча жолу жаздык, тастыктадык. Түбүң түшкүр "Түндүкэлектр" баш болгон, "Чыгышэлектр" "Ошэлектр", "Жалал-Абадэлектр" ишканаларынын директорлору, Директорлор кеңешинин ондогон мүчөлөрү өздөрүнө очойто айлык коюп, анан ай сайын премия алып, андан тышкары күнүмдүк чыгымдарына деп, пенсияга чыгаруу үчүн да жарым жылдык айлыгын "узатуу" сыйына тартып, элден түшкөн акчаны эсепсиз кордошконун далилдеген элек го?! "Түндүкэлектрдин" бир бакылдаган совет директоровунун ЧЛЕНи айына 1500 литр бензин алаарын бухгалтериясынын кагазы менен колума алганда төбөмдөгү 400 чач тик турган! 


Энергетикада баары уурдашат. Жөнөкөй эле мантер 1 маток сары зым коротсо, начальниктери аны 3 маток коротту деп расходник жасашат. Трансформаторлорду оңдоого деп эртең менен складдан алып чыккан жапжаңы тетиктерди буткадагылар Аламүдүн базарына алып келип сатышат. Ал эми трансформаторлордогу эски тетиктерди чечип, майлап, сырдап, кайра тагып коюшат. Бул салттуу эле кадыресе көрүнүш болуп калганын баары билишет. Зым менен байланган, зыңгырата жайланган канча трансформаторлорду көрүп жүрөбүз, ичин ачсаң күйүп, карарып, түтөп кеткени канча? 

Азыр эмне ушул абал өзгөрүп кетти беле? Дале ошондой да. 

Анан эле светти кымбаттаталы дей бересиңер, элдин жонунан кайыш тилип эле.  


Кыргызстандагы жалпы өндүрүлгөн электр энергиясынын 98%ын жогорудагы төрт аты гос, заты жеке менчикке окшош монополист распредкомпаниялар сатат. Таза жеке менчик 17 распред компания бар, алар болгону 2% электр энергиясын реализация кылышат. Анан энерго барондор элди алаксытыш үчүн маал-маалы менен "Частный распредкомпанияларды жоюш керек!" деп стрелканын учун ошолорго бургусу келгенде көчүгүң менен күлөсүң. 


Электр энергиясынын тарифтерин өйдө-төмөн кылуу бул чынында экономикалык маселе. Бул жакка саясий эрк менен катуу реформа керек, цифрофизация так ушул жерге керек! жанагы олчойгон маяна, премия, ашыкча штаттарды алабатаны кырккандай кыркыш керек.  Муну саясий маселеге, социалдык жарылуу жараткан маселеге айлантып алгандар иш билбеген жетекчилер!

Кыскасы, тариф боюнча оюм ушундай! Силердикичи?


Тынчтык Алтымышев, журналист

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Евгения
Тариф и томондоткондору кана.биринин шапкесин бирине кийгизип жатышат.М:700 квтдан жогору 2,24 с болсо,аны жоюп ошол эле сумманы карапайым элдин мойнуна илип жатышат.Анысы 100% ашып жатат.Мен пенсионермин.Мурда 250-260 сом толосом айына,жаны тариф менен 600 сом толоп калат экенмин.С.Жапаровдун бизге кылган жардамы ушулбу.
Пери
Туура ,реформа керек ,сиз айткан ачуу чындык ,баардык электро тармагында корсо болот.