Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 16:34
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери эмдөөдөн өттү

Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери эмдөөдөн өттү

Коронавирус инфекциясына каршы жүргүзүлүп жаткан эмдөө кампаниясынын алкагында, Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери эмдөөдөн өтүштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-июлда медиктердин тобунун Тышкы иштер министрлигине баруусу уюштурулуп, анын жүрүшүндө кызматкерлер Sinopharm вакцинасынын биринчи компонентин алышты.


Медициналык адистер каршы көрсөтмөлөрдүн жоктугун текшерип, эмдөөнүн тартиби, сунуштары жөнүндө айтып беришти.


Процедурадан кийин эмдөөдөн өтүүнү каалаган бардык кызматкерлерге эмдөөнүн убактысы жана дозасы жазылган эмдөө карталары берилди.


Министрликтин жетекчилиги жана кызматкерлери жүрүп жаткан эмдөөгө кошулуп, жамааттык иммунитетин иштеп чыгуу үчүн чыгууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн