Кыргызстандыктарды чоочутуп турган башкы көйгөйлөрдүн бири – бул олчойгон тышкы карыздар. Анын үстүнө үстүбүздөгү жылдан тарта жылына аз эмес суммадагы акчаны тышкы карыз үчүн төлөп турушубуз керек болот. Ансыз да өлкө бюджети какшып турган маалда тышкы карыздын коколоп калганы чоң коркунуч экени айтпаса деле түшүнүктүү.
Баарынан кызыгы, төрт миллиард доллардан ашуун тышкы карызды алганыбыз менен андан мамлекетибиздин экономикасы оңолуп кеткен жок. Баягы эле эски тепшибизде отурабыз. Демек, сырттан алынган кредиттер да максаттуу пайдаланылган эмес. Ар бир алынган карыз кайра кайтарылып бериле турганын түшүнгөндөн кийин, ал карызды кайра кантип кайтара турганыбыздын да так планы алдын-ала түзүлүшү керек эле. Тилекке каршы, андай план жок.
Көз карандысыздык алган 30 жылдан бери карай тышкы карыз кандайча улам көбөйүүнүн гана үстүндө болуп келди? Мына ушул суроого белгилүү экономист, публицист Мурат Мусабаев абдан кызык жооп тапкан экен. Анын айтымында тышкы карыз бул жылдар аралыгында жылына пландуу түрдө бюджеттин «жыртыгын» (дефицит же тартыштык) толтуруп туруу үчүн деп жатып топтолгон. «Бул мамлекет жана элдин муктаждыгы үчүн эмес, КР Улуттук банкын жана КР өкмөтүн башкарган Эл аралык валюта фондунун талабы болгон», - дейт ал.
Албетте, Эл аралык валюта фонду так ушундай талап койгонун документ түрүндө ырастоо кыйын. Бирок, кайсы бир мамлекетти оңой башкарып туруу үчүн аны карызга батырып жетелеп алуу максаттарына ылайык келгенин танууга болбойт. Болбосо, кыргызда «Жуурканга карап бутуңду сун» деген эзелтен келаткан накыл сөз бар. Мына ушул бир эле сүйлөмдүн ичинде өлкөнүн экономикасын кантип туруктуу кармаса боло турганы таасын айтылып турат. Жылына бюджетти кабыл алып жатканда, эмне үчүн дайыма эле кирешеден чыгаша көбүрөөк кабыл алынып келет? Эмне үчүн тапкан киреше менен чыгашаны теңдештирүүгө болбойт? Же тескерисинче киреше көбүрөөк, ал эми чыгашаны азайтууга мүмкүн эмеспи? Жылына эле кирешеден чыгаша көбүрөөк кабыл алына берсе, анан кантип өнүгүү болмок эле? Албетте, чыгашаны кыскартууда пенсия, жөлөк пул сыяктуу социалдык төлөмдөр, мугалим, дарыгер, маданият кызматкерлеринин айлык акыларына тийишпей, андан башка олчойгон айлык алгандардан, ашыкча шаан-шөкөттөрдөн, депутат, премьер-министр, президентти камсыздоодогу чыгымдарды кыйла кыскартуу менен бюджетти кабыл алса болбойбу? Өнүккөн өлкөлөрдүн чиновниктери кадимки жарандарындай эле камкордукта жашай тургандары белгилүү. Ал эми өнүкпөгөн мамлекеттин чиновниктери эмне үчүн өзгөчө камкордукта жашашы керек?
«Эл аралык валюта фондунун жетекчилиги менен биздин мамлекет кандайдыр бир жөндүү улуттук экономиканы түзгөн жок. Ошондо ким кимге карыз?! Эгерде сен бул экономикалык мейкиндикте экономикалык кырдаалды жана финансылык рынокту контролдой турган болсоң, анда сен үчүн башкы камкордук предмети бул мамлекеттеги тышкы соода төлөө балансын сактоо болуп саналашы керек. Эгерде бул экономикалык мейкиндикте импорттун экспорттун үстүнөн үстөмдүк кылганынын жыйынтыгында дефицит пайда болуп жатса, ошондой кырдаал өнөкөткө айланса, демек күнөө биринчи кезекте куратордо», - дейт экономист Мурат Мусабаев.
Туура, карапайым адамдардын ортосунда деле карызга алыш-бериш мамиле жасаганда, алардын кайра карызды төлөө мүмкүнчүлүгүнө жараша мамиле болот. Мисалы, айлыгы 10 миң сомдон ашпаган адамга дүкөнчү деле ошол сумманын жарымына чейин карыз бере алат. Себеби, адам баласынын азык-түлүктөн башка дагы муктаждыктары бар да.
Ал эми кайсы бир мамлекет тыштан карыз алып жатканда анын кайра кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү кандай экени да эске алынышы керек. Же ошол тыштан алынган карызга өлкөнүн экономикасын көтөрө тургандай, ошонун арты менен карызды төлөй ала тургандай долбоорлор ишке ашуусу керек. Мисалы, Кыргызстан азыр азык-түлүк, кийим-кечеден тарта техникаларга чейин чет мамлекеттерден сатып алат. Ал эми чет мамлекеттерге чыгарган экспортубуз импорттун деңгээлине караандабайт. Анан кантип өлкө экономикасында баланс сакталмак эле?
Биздин өкмөт 2032-жылга чейин бардык тышкы карыздарды төлөп кутулууну пландап жатат. Албетте, мындай кылууга толук мүмкүнчүлүк бар. Болгону аткаруу бийлигинин башына экономиканы мыкты түшүнгөн, кайсы бир эл аралык финансылык институттардын жетегине түшүп албаган билимдүү менеджер келиши керек. Тышкы карыз толугу менен жоюлган соң, андан кийин импорт менен экспорттун балансын сактоо аркылуу өлкө экономикасын өнүктүрүү багытында улуттук экономика планы түзүлүшү зарыл. Кыргызстандын экономикалык жактан кубаттуу өлкөгө айланышына бардык мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Жаратылыш ресурстарына да бай. Болгону пландуу иш-аракеттер гана керек.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн