Кыргызстандын эгемендик алган жылдардан берки тышкы карызы 4 миллиард доллардан ашканы белгилүү. Эми ошол тышкы карызды олчойгон суммалар менен кайтаруу убактысы да келип жетти. Ансыз да пандемиянын айынан жылына өлкө казынасына түшүп туруучу салык, бажы жана башка төлөмдөр да кескин кыскарып, жумушсуздук күч алып, ага кошул-ташыл саясий кырдаал да олку-солку болуп турган маалда тышкы карыздардын төлөө мөөнөтү келип калганы баарыбыздын башыбызды катырып турат. Төлөй салалы десек, бюджетте акча жок. Алтургай мамлекеттик кызматкрелердин айлы акысы, пенсия, жөлөк пулдар үчүн да акча табуу көйгөй болуп турат. Ал эми карызды мөөнөтүнөн кечиктирбей төлөө милдети мойнубузда.
Кыргыз бийлиги бул карыздарды төлөөнүн жолдорун издештирип жатышканын билдирген. Ошол эле убакта мамлекеттик тышкы карыздан кутулуу үчүн атайын эсеп да ачылганы белгилүү. Ага өз каалоосу барлар гана акча которсо боло турганын да бийлик өкүлдөрү билдирген. Мына ушул атайын эсепке Жалал-Абад облусунун Сузак районун жашоочусу, жеке ишкер Умар Мухаммедов 10 миллион сом акча которгону белгилүү болду. Албетте, өлкө оор абалда турганда кайдыгер карай албаган Умар мырзага терең ыраазычылык билдиребиз. Бирок, жүрөк өйүгөн бир суроо көкүрөктө турат.
Эмне деген суроо деп жатсаңыз керек? Ошол тышкы карыздардын көпчүлүгү максаттуу иштетилбей, үлкөн кызматтарда отурган мурда-кийинки чиновниктердин «алкымына» кирип кеткени белгилүү. Эгерде тыштан алынган карыздар максаттуу иштетилгенде, анда эмдигиче өлкөбүз кыйла өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетке айланмак. Жок дегенде 10 чакты завод-фабрика курулмак. Жумушчу орундары түзүлмөк. Айыл-чарба, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактары бүгүнкүдөй оор абалда болмок эмес. Мамлекет ичинде жаңы өндүрүштөр пайда болсо, демек ошого жараша киреше булактары арбымак. Анын негизинде бюджетибиз толуп турмак. Бюджет толуп турса, айлык акы, пенсия, жөлөк пулдар азыркыдан 2-3 эсеге жогору болмок.
Тилекке каршы, тыштан алынган карыздардын көпчүлүгү мурда-кийинки чиновниктер үчүн гана хансарайларга, кымбат баалуу машиналарга айланып берди. Ошолордун улам бир мамлекеттик имараттарды менчиктештирип алуусуна, катар-катар квартираларды сатып алуусуна, балдарын чет мамлекеттерде окутууларына жумшалды.
Анан эми ошол чиновниктерди байыткан тышкы карыздарды карапайым эл төлөшү керекпи? Анда бул көнүмүш адатка айланып калбайбы? Дагы сырттан карыз алып, анан элге төлөтө берсе болот экен деген норма жаралбайт деп ким кепилдик берет? Андыктан азыртадан талапты катуу коюу маанилүү, ким тышкы карыздардын эсебинен байыган болсо, ошолор төлөсүн. Мисалы, отуз жылдан бери ээрден түшпөй келаткан депутат, чиновниктердин мүлктөрүн жакшылап текшерип, мыйзамсыз байыгандардын баарын кайра мамлекетке өткөрүп алса болот. Анан ошол мүлктөрдү сатуудан түшкөн каражат менен тышкы карыздарды төлөйлү. Балким, айрым мурда-кийинки чиновниктердин банктарда, оффшорлордо бекиткен миллиондору, миллиарддары болушу мүмкүн. Ошолорду кайтаралы. Ал эми карапайымэл «жебеген ашка пул төлөбөшү» керек.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (1)