Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тышкы карызды "жашыл" демилгеге алмаштыруу боюнча сүйлөшүү өттү

26.04.2023 13:44
1033
Тышкы карызды "жашыл" демилгеге алмаштыруу боюнча сүйлөшүү өттү

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков КРда жаратылышты коргоо боюнча Трасттык фондду түзүү боюнча БУУ өнүктүрүү программасынын БИОФИН долбоорунун миссиясы менен жолугушту.


Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызстандын тышкы карызын" жашыл" демилгелерге алмаштыруу жолугушуунун негизги темаларынын бири болгон. Ошондой эле тараптар түзүлүп жаткан Трасттык фонддун алдын ала концепциясы менен таанышып чыгышты.


Отурумдун жыйынтыгында Руслан Татиков БУУнун өнүктүрүү программасы эксперттерине Кыргызстан боюнча фонддун уюштуруу структурасынын жана башкаруунун долбоорун даярдоону сунуштады.


Трасттык фондду түзүү идеясы демөөрчүлөрдүн, климаттык фонддордун жана донорлордун каражаттарын, анын ичинде КРнын мамлекеттик тышкы карызын алмашуу боюнча каражаттарды экологиялык долбоорлорго багыттоо болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн