Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:00
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

2019-жылы тышкы карыз 190 миллион долларга аз көрсөтүлгөн, - депутат

12.05.2020 12:36
931
2019-жылы тышкы карыз 190 миллион долларга аз көрсөтүлгөн, - депутат


2019-жылы тышкы карыз 190 миллион долларга аз көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев билдирди.


Анын айтымында каражатты атайын азайтып көрсөткөн.

 

“Сиздер берген маалымат боюнча 2018-жылы тышкы карыз 4 миллиард 464 миллион доллар. 2019-жылы 4 миллиард 587 миллион доллар. Ал эми ички карыз менен сырткы карызды эсептегенде 190 миллион доллар жетпей жатат, бул ката кеттиби? Же 2018-жылдын ичине кандайдыр бир иш барбы? Урматтуу өкмөттүн мүчөлөрү жана башчылары 190 миллион көрсөтүлгөн эмес, бул шалакылыктын белгисиби же атайын жасалганбы? Бул жерде бир максат бар, силер салыштырмалуу көрсөтүп жатасыңар 2018-жылга салыштырмалуу карыз өскөн эмес деп. Мен ойлоп жатам бул жөнөкөй ката эмес, терген адамдын, оператордун катасы эмес, бул Каржы министринин жеке жоопкерчилиги”, - деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн