Бугу 09, 2024
Убакыт: 03:56
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Тышкы күчтөрдүн каалоосу менен бийликти алмаштыра берүү өлкө кызыкчылыгына шайкеш келбесин түшүндүкпү?

10.05.2021 10:30
838
Тышкы күчтөрдүн каалоосу менен бийликти алмаштыра берүү өлкө кызыкчылыгына шайкеш келбесин түшүндүкпү?

Коңшу Тажикстандын согушту ачык жарыялабастан туруп, Кыргызстандын чек арасына куралдуу кол салуусу алдын-ала пландалган аракет болгону күн санап ачыктала баштады. Муну адегенде эле тажик тарап чек арага жакын аймактарында окопторду казып даярдыктарды көрүшкөнүнөн түшүндүк. Миномет, тик учактар аркылуу Кыргызстандын куралсыз тынч жашап жаткан тургундарына ок жаадырышканы дагы бир факт. Алардын генералдарынын кыргыз айылдарына бастырып кирип, кандайдыр бир пландарды түзүп жатышканын тастыктаган видео тасмалар да тарады. Бул дагы эл аралык коомчулуктун көңүлүн олуттуу бура турган жагдай.


Ошентип Тажикстан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) мүчө болуп туруп, анын дагы бир мүчөсү Кыргызстанга куралдуу кол салды. Бул уюмдун буга чейин кабыл алган келишимдерине, чечимдерине караманча каршы келет. Ошондой эле ар бир мамлекеттин суверендүүлүгүнө, коопсуздугуна коркунуч келтирбөө максатында кабыл алынган эл аралык нормаларды да бузду. Бир эле БУУнун уставына каршы келген аракетти жасаганын белгилеп койсок болот. БУУнун Генералдык Ассамблеясынын  1974-жылдын 14-декабрында кабыл алынган резолюциясында «Агрессия – бул мамлекет тарабынан башка мамлекеттин суверендүүлүгүнө, аймактык бүтүндүгүнө жана саясий көз карандысыздыгына каршы куралдуу күч пайдалануу» деп жазылган. Ошол эле резолюциянын 3-беренесинде «Мамлекеттин куралдуу күчүнүн башка мамлекеттин территориясына кирүүсү же чабуулу, же бардык аскердик оккупация, башка мамлекеттин территориясын бомбалоо, кандай гана болбосун куралдуу колдонуусу, кургактан, деңизден же абадан кол салуусу согуш жарыяланганы же жарыяланбаганынан көз каранды болбой, жобонун 2-беренесине ылайык агрессия актысы катары саналат» деп айтылат.


Демек, кайсыл гана жагынан албайлы, Тажикстандын Кыргызстанга жасаган бул мамилеси тарых барактарында жырткычтык агрессия катары кала турган болду.


Мына ушундай кырдаалда ЖККУнун түзүлүшүнө башкы себепкер (негиздөөчү десек да болот) болгон Россия Федерациясынын салкын кандуу жасаган мамилеси түрдүү ойлорго түртүп отурат. Россия Кыргызстандын башкы стратегиялык өнөктөшү, кылымдарды карыткан ынак достук мамилеси бар. Бирок, эмнегедир бул ирет Россия бийлиги акыйкатты ачык айтпай отурат. Тескерисинче, Тажикстанга көбүрөөк жан тартып тургандай мамиле байкалууда.


Быйыл Улуу Жеңиштин 76 жылдыгын утурлай Россияга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон барды. Эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусунда В. Путин Тажикстандагы россиялык базаны күчтөнтүү тууралуу пикирин айтканын да уктук. 9-майда Кызыл Аянтта өткөн парадка да ал Э. Рахмон менен ээрчишип чыкты. Албетте, Кыргызстандын дарегине эч кандай терс пикир айткан жок. Бирок, сыртын салып жатканын байкоого болот.


Эгерде стратегиялык өнөктөш жана ЖККУда бирдей укуктагы мүчө мамлекет катары акыйкаттыкты айтуу ою бар болсо, анда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кармаш тууралуу ачык пикирин айтып коет эле. Куралдуу кол салуу ким тарабынан болгонун жана экинчи андай аракет жасалбашы керек экенин билдирип коюу укугу бар эле. Андай кадамды В. Путин жасаган жок. Анын ордуна Э. Рахмонду Жеңиш күнүнүн алдында урмат-сый менен кабыл алып, чогуу парадка ээрчитип отурат.


Балким, Россиянын Кыргызстанга карата мындай мамилеси учурдагы бийликке сыртын салуусу болушу мүмкүнбү? Интернеттеги социалдык түйүндөрдө ушул маанайдагы посттор, комментарийлдер көп жазылууда. Балким, Путиндин Кыргызстандын бийлик башына башка адамдын келүүсүн каалап жатканы болбосун? Эгерде маселе чындыгында эле ушундай болсо, анда биздин көз карандысыз мамлекет экенибиз кайсы? Стратегиялык өнөктөштүк, достук маиле кайда калды? Кыргызстандын президенти кыргызхстандык шайлоочулар тарабынан шайланышы керекпи, же Россиянын каалоосуна жараша болушу маанилүүбү? Качанкыга чейин Кыргызстан өз президенттерин тышкы саясий күчтөрдүн каалоосуна жараша алмаштыра бериши керек?


Айтор, терең ойлонуп, жети өлчөп, бир кесе турган учурга эми чындап келдик окшойт. Дүйнөлүк ири оюнчулардын колундагы жыгач куурчактардай болбой, өз тандообузду, өз каалообузду коргоп жана колдоп турсак гана толук көз карандысыздыгыбызды, өнүгүү-өсүүнү камсыздай алабыз. Эгерде ири оюнчулардын ишааратынан, жасаган мамилесинен көз каранды боло берсек, анда өлкөбүздө эч качан стабилдүүлүк орнобойт. Өнүгүү дегенди таптакыр унутта калтырабыз.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн