Бугу 05, 2024
Убакыт: 03:46
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Тыштан келген жана өлкө ичинен чогултулган миллиондор каякка, кантип кетти?

15.04.2020 13:47
1134
Тыштан келген жана өлкө ичинен чогултулган миллиондор каякка, кантип кетти?


Америкада абал оор. Бирок, президент Дональд Трамп дээрлик бир айдан бери күнүгө журналисттердин алдына чыгып маалымат жыйынын өткөрүүдө. Суроолорго ачык жооп берип жатат. Кээде журналисттер менен кер-мур айтышканга чейин жетүүдө. Анын башка аргасы жок. Коомдук пикир, күчтүү оппозиция, күчтүү парламент ушундай чарага барганга мажбур кылып жатат. Бийлик элдин колунда. Алардын ишенимин жоготуудан коркот. Маскасыз журналисттер менен жолугушту деп Абылгазиевчесинен карантинге жатып алган жок. Жээнбековдой жумалап жоголуп кеткен жок..

 

Кыргызстандачы?

 

Президент, жок дегенде премьер-министр тез-тез кайрылуу жасаганга жарабайт. 90дон ашык медицина кызматкер коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул жалпы ооругандардын 20 пайызына барабар. Президентти кой жада калса маалымат берген министр же орун басарларга журналисттер коомчулукта кызыктуу болуп жаткан суроолорду узата алышпайт. Өзгөчө абал киргизилгени президент кудай, коменданты пайгамбардай эле болуп калды. Кол жетпейт...

 

АКШда дарыгерлер кабылган көйгөйлөрүн ачык айтышууда. Коргонуучу каражаттар жетишсиз экенин жашырган эч ким жок. Аларды полиция же ФБР кызматкерлери төө бастыга алган жок. Ала дагы албайт. Анткени ой-пикирин эркин билдирүү Баш мыйзамында так жазылган. Бул абалды алардын атаандаштары Россия менен Кытай журналисттери колдонушууда. Бул башка кеп.

 

Менин айтайын дегеним башка. Бизде эмне болуп жатат? Дарыгер коргонуучу каражаттар жетишпейт, же сапатсыз дешсе балээге кабылат. Жарандар мыйзам бузуулар жөнүндө социалдык тармактарда кеп кылса, Талибандын согушкерлерин кармагандай УКМК баса калат. Тасмага тартып жүзүн жашырбастан көрсөтөт.

 

Милициясы болсо өзүнчө блогер же вайнерге айланды. Күндө бирден хайп жараткан тасмаларды интернетке жүктөп. Үйдө камалып отурган элге кудай берет. Ата-жотосуна чейин талкуулайбыз. Наалат айтып же болушуп тытышып жатып калабыз. Мындан абал чечилип жатабы? Албетте жок. Болгону бийлик биздин алсыз жана кыска ой жүгүрткөн аракетибизди өз пайдасына колдонууда. Көпчүлүк олуттуу маселелер боюнча бийликтин маалымат берүүсүн талап кылуунун ордуна ыргыткан сөөгүн таламай, талкууламай менен алек.

 

Мамлекеттин чамасы чак. Ар бир адамга же муктажга жардам бере албайт. Бирок, эл башкарган кыйындар элге жол көрсөтүп, абал мындай, силер андай болгула деп жөлөп-таяп турушу керек да.

 

Мисалы менде бир нече суроо бар:

 

-    -  тыштан келген жана өлкө ичинен чогултулган миллиондордун көпчүлүгү колдонулганын өкмөт айтты. Ал каякка, кантип кетти? Кимге жана эмнеге коротулду?

 

- 90дон ашык дарыгер ооруну качан жана кандай жагдайда жуктурду? Алар өлкөдө алгачкы оорулуулар аныкталганда коргонуучу каражаттар менен камсыз болушканбы? Же аларды коргонуучу шаймандары жок отко айдадыңар беле?

 

- жазгы айдап себүү иштери эмне болду? Азык-түлүк коопсуздугу кандай болот?

 

- тышта иштеп жүрүп жумушсуз калып же окуп жүргөн учурда жатаканадан чыгарылган студенттердин абалы кандай? Аэропортто учак күтүп жаткандардын маселеси качан чечилет?

 

- эмне үчүн жарандардын эркин жана бейтарап маалымат алуу укуктары чектелүүдө? Мамлекеттик ММКлардан башкаларга неге аккредитация берилген жок? Бул кетирген кемчиликтерди, чыныгы абалды жакшыртуу аракетиби?

 

- эмнеге блокпосттордо башаламандык өкүм сүрүүдө? Так координация жок. Комендант теледен бирди айтат, жеринде абал таптакыр башкача.

 

- тыштан келген кредиттер менен гранттарды кандай шарт менен алдыңар жана кайсы жакка колдоносуңар?

 

- кезексиз эс алууга кеткен депутаттарды каржылоо токтотулдубу, же алар интернетте ат минип, ырдап-бийлегенин таратканы үчүн айлык, бензин, кагаз, ручка ж.б. чыгымдарына акчаны бюджеттен алып отурабы?

 

Урматтуу мекендештер, ушул жана башка толгон-токой маселелер боюнча өкмөт, парламент жана президенттен маалымат берүүсүн талап кылалы. Ачык маалымат алганга баарыбыз укуктуубуз. Чоңдор болсо эл менен эсептешүүгө милдеттүү!

 

Мирбек Айтикеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн