Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 05:06
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Тоӊ районунун тургундарына уурдалган малдары кайтарылып берилүүдө (Видео)

01.03.2021 09:49
618
Тоӊ районунун тургундарына уурдалган малдары кайтарылып берилүүдө (Видео)



Кыргыз Республикасынын ИИМдин, Ысык-Көл облусунун Тоӊ РИИБдин жана Чүй облусунун Кемин, Чүй райондорунун милициясынын криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлеринин өз ара биргелешип жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Чүй облусунун Кара-Ой айылынын 28 жаштагы тургуну, мурда каракчылык менен соттолуп келген К.А. жана Талас облусунун Кызыл-Сай айылынын 25 жаштагы тургуну Т.М. турган, мал уурулук менен алектенген кылмыштуу тобу колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.


Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен жүрүп жаткан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Тоӊ РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кармалган кылмыштуу тобунун мүчөлөрү, үстүбүздөгү жылдын январь айынан февраль айына чейинки аралыкта райондун аймагында мал уурулуктун 9 учурун жасашып, мал ээлеринен 9 баш ири-мүйүздүү малдарды жана 2 койду уурдашкандыгын аныкталган. Келтирилген чыгым болжол менен 350 сомду түздү. Мал уурулук менен алектенген кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Ысык-Көл облусунан уурдашкан малдарды Чүй облусунда, ал эми Чүй облусунун аймагында уурдаган малдарды Ысык-Көл облусунда сатып жүрүшкөнү айгиленди.


Тоӊ районунан уурдалып, Чүй облусунун аймагында табылган малдар далил зат катары алынып, тийиштүү процессуалдык тергөө иштери жүргүзүлгөндөн кийин ээлерине кайтарылып берилди. Чүй райондук сотунун чечими менен мал уурулукка шектелип кармалган жарандарга карата камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Учурда, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймагында башка мал уурулуктарга катыштыгы бар, же жоктугун аныктоо максатында ыкчам-тергөө иштери уланууда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн