«Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКга Тоголок алтын кенин иштетүү укугу берилди. Тиешелүү буйрукка 4-августта министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.
Кен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Кытай менен чектеш жерде жайгашкан жана 42,2 гектар аянтты ээлейт.
Компанияга ошондой эле Жангарт аймагындагы алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү укугу берилген. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 10 миң 379,8 гектар жерде жайгашкан.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине лицензия берүү тапшырмасы берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн