Бугу 07, 2024
Убакыт: 19:32
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Тогуз-Торо районунун тургуну 28 килограмм баңгизат менен кармалды

Тогуз-Торо районунун тургуну 28 килограмм баңгизат менен кармалды


Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 22-август күнү “А” аттуу белгисиз жаран Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун аймагында баңгизаттарды сатуу, сактоо менен алектенип жүргөндүгү жөнүндө ыкчам маалымат алынган. Бул тууралуу  ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Аталган маалымат боюнча ыкчам иш-чара уюштурулуп, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо РИИБнин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. 

2022-жылдын 26-август күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айылынын тургуну 1974-жылы туулган А.К. кармалып, андан 13 кг жакын “гашиш” баңгизат каражаты алынган. 

Мындан аркы атайын тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда анын өзү жашаган үйүнөн болжолу менен 15 кг түзгөн “марихуана” баңгизат каражаты табылып алынган. 

Дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган бангизаттар жалпы салмагы 13 кг. 16гр. түзгөн “гашиш” жана 15кг. 13 гр. “марихуана” баңгизат каражаты болгон.   

Кармалган жаран Тогуз-Торо РИИБнин Убактылуу ккармоо жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча иш-чара жүргүзулүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн