Бугу 04, 2024
Убакыт: 08:21
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Тогуз-Тородо 3 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды

04.08.2022 10:35
525
Тогуз-Тородо 3 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды

Элет милициясы эл кызматында. Тогуз-Тородо 3 тоннадан ашык жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.


Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасынын жардамы менен райондун Атай айылын аралап, эл арасында көйгөйлүү маселелер болсо милициянын көчмө кабылдамасына кайрылса болоорун маалымдап, айрым тургундарга жеринде юридикалык кеңештер берилди. Ошондой эле, мал ууруктарды болтурбоо жана алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошону менен катар аптаптуу аба ырайында жаш өспүрүмдөрдү кооптуу аймактарда сууга түшүүдөн алыс болуп, коопсуздук эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертишти. 


 Андан сырткары, жергиликтүү тургундардын катышуусунда, ошол эле Атай айыл аймагына караштуу талаада жалпы эки жарым гектар жерде жапайы өскөн жалпы 3 тоннадан ашык кара куурай чабылып, өрттөлүп жок кылынды.


 Өз учурунда жергиликтүү тургундар райондук милициянын ар кандай кокустуктардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында аткарып жаткан иштерине ыраазы болушуп, милициянын иштерине ийгиликтерди каалап өтүштү.  



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн