Бугу 04, 2024
Убакыт: 07:39
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Тогуз-Торонун тургуну мал сарайында курал-жарактарды мыйзамсыз сактап жүргөн

23.09.2020 14:45
1001
Тогуз-Торонун тургуну мал сарайында курал-жарактарды мыйзамсыз сактап жүргөн


Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда мыйзамсыз курал-жарактар алынды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, 22-сентябрь күнү Тогуз-Торо РИИБдин криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан райондун “М” аттуу тургуну мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактап жана пайдаланып жүрөт деген маалымат алынган. Анын негизинде топтолгон материал 22-сентябрь күнү РИИБдин КЖБРне катталып, Жазык Кодексинин 253-беренесинин (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшү ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлө башталган.


Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шек жараткан адам Тогуз-Торо районунун 30 жаштагы тургуну К.М. экендиги такталып жана ал ок атуучу куралдарды өзүнүн үйүнүн короосунда жайгашкан мал сарайында сактап жүргөнү аныкталган.


Аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча толук жана ар тараптуу текшерип, туура юридикалык баа берүү максатында, аталган дарекке тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада К.М.дин мал сарайынан мыйзамсыз түрдө сакталган 4 даана ок атуучу куралдар (1 сайлуу, 3 сайсыз) жана 5 даана 5.6 мм калибердеги ок-дарылар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн