Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тогузу ооруканада. Аскер институтунун жоокерлери жол кырсыгына кабылды

Тогузу ооруканада. Аскер институтунун жоокерлери жол кырсыгына кабылды

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун курсанттары аскердик ант бергенден кийин "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагында жол кырсыгына кабылышты. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.


"Ар кандай жараат алган 9 жабырлануучу биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун медициналык мекемелерине жаткырылды, калгандары аскер госпиталында аскер дарыгерлеринин көзөмөлүндө, абалдары канааттандырарлык", — деп айтылат маалыматта.


Аталган факты боюнча кызматтык иликтөө дайындалып, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн