Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январды жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу казак басылмалары кабарлады.
Маалыматка ылайык, 10-январда өлкөдөгү бардык мамлекеттик туулар түшүрүлүп, акыркы окуялардан каза болгон жарандар эскертилет.
Тиешелүү буйрук президент Токаев тарабынан кабыл алынган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн