Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында Казакстанга киргизилген аскерлер 2 күндөн кийин өлкөдөн чыгарыла баштайт. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.
Анын айтымында, ЖККУнун аскерлеринин Казакстандагы миссиясы аяктап калды.
"ЖККУнун алкагында Казакстанда тынчтыкты орнотуу үчүн киргизилген аскерлер 2 күндөн кийин өлкөдөн чыгарыла баштайт.
Алардын өлкөбүздөгү миссиясы аяктап калды. ЖККУ аскерлеринин Казакстанда чыгарылышы 10 күндөй созулушу мүмкүн",- деди Токаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн