Бугу 21, 2024
Убакыт: 06:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Токаев: Казакстандын жерин бир да чет элдик адам сатып ала албайт

06.01.2021 09:28
508
Токаев: Казакстандын жерин бир да чет элдик адам сатып ала албайт

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн жерлери эч кандай жол менен чет элдиктерге сатылбай тургандыгын айтты.

Бул тууралуу Токаев "Эгемен Казакстан" гезитине жарыяланган "Эгемендүүлүк - баарынан кымбат" деген макаласында жазган.


Президент белгилегендей, Казакстандын жерлери ата-бабалардын элге калтырган улуу мурасы жана баалуулугу.


«Ата-бабаларыбыздан калган ыйык жер биздин башкы байлыгыбыз. Сырттан казактарга мындай зор аймакты эч ким берген эмес. Бүгүнкү тарых 1991- же 1936-жылдар менен өлчөнбөйт. Биздин элибиз Казак хандыгы, Алтын Ордо, Түрк кагандыгы, хунндар жана сактар ​​доорунда жашап, өскөн. Кыскасы, улуттук тарыхыбыздын терең тамырлары илгерки замандарда жатат. Жалпысынан тарыхты саясатчылар эмес, тарыхчылар изилдеши керек”, - деди президент.


Токаев белгилегендей, "сабырдуулук менен" өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө шек келтирип, жакшы коңшулаштык мамилелерди сындаган айрым чет элдик жарандардын чагымчыл аракеттерине расмий жана эл алдында каршы туруу" зарыл.


Президент эгемендүү Казакстандын аймактык бүтүндүгүн бүткүл дүйнөлүк коомчулук тааный тургандыгын жана буга эч ким талаша албай тургандыгын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн