Бугу 04, 2024
Убакыт: 17:45
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Токаев Назарбаеваны кызматтан алуу менен өзүнө болгон ишенимди бекемдеди, - саясат талдоочу

04.05.2020 12:21
901
Токаев Назарбаеваны кызматтан алуу менен өзүнө болгон ишенимди бекемдеди, - саясат талдоочу


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Cенаттын төрайымы Дарига Назарбаеваны кызматтан алуу менен өзүнө болгон элдин ишенимин күчөттү. Мындай пикирин саясат талдоочу Шерадил Бактыгулов “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине маек берип жатып билдирди.


Анын айтымында, көпчүлүк Дарига Назарбаева дегенде аны атасына байланыштырып, чечимдерди атасы кабыл алат, ал куурчак катары эле колдонулат деген пикирде, бирок ал тажрыйбалуу жана акылдуу адам.


“Көп нерсе ага атасынын арты менен тийди. Назарбаев күч менен аны Cенатка мүчө кылып койгон. Аны азыр Касым-Жомарт Токаев бийлигинен пайдаланып кызматтан четтетип, мандатынан ажыратып койду. Бирок бул чечимди кабыл аларда саясий элитада чоң кыймылдар болгон, анткени Назарбаевдин тарапташтары финансылык ресурстарды кармап турат. Мамлекеттин бюджетине караганда “Халык” казынасынын каражаты көбүрөөк. Коопсуздук жагын караганда да Карим Максимовдон баштап Назарбаевдин кадрлары бийликте. Коңшу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин укуктары, милдеттери көп экенин унутпоо зарыл. Мына ушундан улам Токаев жеке чечими менен Дарига Назарбаеваны өзүнүн коопсуздугу үчүн кызматынан алып койду. Себеби Казакстанда Сенаттын төрайымы деген өлкөдөгү экинчи адам. Аны башка кызматка койгон жок, элчи катары дайындаса да себептүү алынган десек болмок”, - дейт Бактыгулов.


Саясат талдоочунун айтымында, Дарига Назарбаеваны кызматтан алуу Токаевге элдин ишеничин көбөйтөт.


“Учурда Назарбаевдердин үй-бүлөсүнө казак элинин нааразычылыгы күчөп, аны кетсин деп чыгууда. Бирок Назарбаев бар учурда Токаевге көп көңүл бурулбай, тийиштүү ишенимге жете албай жүрөт. Мурдагы президентке таандык адамдарды кызматтан алган учурда Токаевдин элдин арасында жеке кадыр-баркы өсөт”, - дейт серепчи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн