Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 17-июнда Санкт-Петербург шаарында өткөн Эл аралык Экономикалык форумда Донецк жана Луганск элдик республикасынын көз карандысыздыгынын тааныбай турганын билдирди.
Анын айтымында, эгер элдин эркине койсо дүйнөдө 200 эмес 500-600 өлкө болмок.
"Мындан улам биз дүйнөдөгү бардык квазимамлекеттерди тааныбайбыз. Ошол эле Тайвань, Косово, Түштүк Осетия, Абхазия, Донецк жана Луганск элдик республикасын да тааныбайбыз",- деди президент Токаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн