Террористтерди эскертүүсүз атууга мен буйрук бердим. Мындай пикирин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кайрылуусунда билдирди.
Анын айтымында, Казакстандагы террористтер жакын арада жок кылынат.
"Өлкөбүздөгү террористтер менен бандиттерди атууга өзүм уруксат бердим. Алар эскертүүсүз атылып жок кылынат.
Жакын арада бардык радикалдык топтор жок болот",- деди президент Токаев.
Ошондой эле ал ЖККУга мүчө өлкөлөргө көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди.
Пикирлер (1)