Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 03:55
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Токаев Жапаровду эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык келишиминин 20 жылдыгы менен куттуктады

25.12.2023 13:47
353
Токаев Жапаровду эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык келишиминин 20 жылдыгы менен куттуктады


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын жетекчиси Садыр Жапаровду эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык келишиминин 20 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу Ак орда кабарлады.


"2003-жылы түзүлгөн келишим казак-кыргыз мамилесин өнүктүрүүдөгү жаңы этаптын башталышы болуп, ар тараптуу байланышыбызды илгерилетүү үчүн укуктук негиздерди бекемдеп берди. Буга ар деңгээлдеги саясий диалог, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык алкактагы кызматташтык далил. Мындан тышкары, эки мамлекеттин эл аралык аренадагы тыгыз кооперациясын белгилөөгө болот", — деп айтылат телеграммада.


Токаев биргеликте иш алып баруу стратегиялык өнөктөштүк менен союздаштыкты бекемдеп, Казакстан менен Кыргызстан элдеринин жаркын келечегине багытталган аракеттерди ишке ашырат деген ишенимин билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн