Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Токаев Жапаровду жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен куттуктады

06.05.2021 08:52
817
Токаев Жапаровду жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен куттуктады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кесиптеши Садыр Жапаровду жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен куттуктады. Бул тууралуу казак басылмалары билдирди.


Казакстандын лидери жиберген куттуктоо телеграммасында Нур-Султан Бишкекке ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендиги айтылат.


"Эл тарабынан колдоого алынган Баш мыйзам Кыргызстанды өнүктүрүүнүн, суверендүүлүгүн коргоонун жана коомду андан ары консолидациялоонун узак мөөнөттүү стратегиясынын негизин түзөт. Сиздин демилге жана реформаларыңызды ийгиликтүү ишке ашыруу кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, өлкөнүн эл аралык аренада кадыр-баркын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Казакстан Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы катары мындан ары дагы ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр", — деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтыгында Токаев Жапаровго кыргыз элинин бакубаттуулугу жана келечеги үчүн жооптуу миссиясында чоң ийгиликтерди каалады.


Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол койду. Анын алкагында кыргыз өкмөтү министрлер кабинети болуп өзгөрдү. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн