Бугу 07, 2024
Убакыт: 20:36
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Токаев чукул кайрылуу жасады. "Бийлик кулабайт, бизге конфликт керек эмес"

05.01.2022 00:45
1130
Токаев чукул кайрылуу жасады. "Бийлик кулабайт, бизге конфликт керек эмес"

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы саясий абалга байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.


Токаев митингге чыккан жарандарды чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.


"Урматтуу мекендештер, мен сиздерди ички жана тышкы саясий күчтөрдүн чагымчыл аракеттерине алдырбоого чакырам.

Бийлик кулабайт, бизге конфликт керек эмес. Биз сүйлөшүү жолу менен маселени чечсек болот.

Жаштарга кайрыларым өзүңөрдүн келечегиңерге балта чаппагыла. Айрым күчтөрдүн курмандыгына айланып калбагыла.

Эртең силердин талаптарыңар боюнча жыйын өтөт",- деди Токаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн