Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 5-январда кайрадан чукул кайрылуу жасады.
Президенттин айтымында, ал өлкөдөн кетпейт жана коопсуздукту сактоо үчүн катуу чара көрүлөт.
"Өлкөбүздө социалдык-экономикалык крисиз учурунда мен өлкөдөн кетпейм. Бүгүнтөн тарта Коопсуздук кеңешин өзүм жетектейм.
Массалык башаламандыктардан каза болгон аскер кызматкерлери бар. Өлкөнүн туруктуулугун бузган чагымчыл күчтөргө катуу чара колдонулат",- деди Токаев.
Мындан сырткары, ал элдин талабын аткаруу үчүн керектүү сунуштар менен дагы кайрылуу жасай турганын кошумчалады.
Пикирлер (1)