Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 07:27
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Токаев жана Бердымухамедов Талант Мамытовду жана кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады

31.12.2020 13:04
588
Токаев жана Бердымухамедов Талант Мамытовду жана кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев жана учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов  Талан Мамытовду жана Кыргызстан элин жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


«Сизди келе жаткан Жаңы 2021-жыл менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Сизге бекем ден-соолук, үй-бүлөдө бакубатчылык жана боордош Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн жаңы жетишкендиктерди каалаймын», — деп белгиленет Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоо телеграммасында.


«Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана натыйжалуу өз ара аракеттенүү салттарына негизделген өнөктөштүк мындан ары дагы эки өлкөнүн достугу үчүн чыңдалып, жигердүү өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат Нурсултан Назарбаевдин  куттуктоо телеграммасында.

Ал эми түркмөн башы «Сиздерди келе жаткан 2021-жыл — Эл аралык тынчтык жана ишеним жылы менен чын дилимден куттуктайм. Сизге чың ден-соолук, кубаныч, бардык ишиңизге албан ийгиликтер, ал эми боордош элге тынчтык, мындан аркы өсүп-өнүгүүнү каалайм. Жаңы жыл баарына бакыт жана бакубатчылык алып келсин!»,-  деген куттуктоо телеграммасын жөнөткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн