Алия Ракишева Казакстандын Сенатынын аппарат башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Казакстандын Парламентинин төрагасы Маулен Ашимбаевдин чечими менен Сенаттын аппаратынын жетекчиси болуп Алия Ракишева дайындалган.
Ракишева 1980-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал Казакстандын мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн жана анын соңку кызматы президент Касым-Жомарт Токаевдин кеңешчиси болуп эмгектенип келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн