Бугу 08, 2024
Убакыт: 07:54
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Токаевдин "москвачылыгы"

06.01.2022 10:56
1446
Токаевдин "москвачылыгы"


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өз элине орус тилинде кайрылып, ЖККУнун аскерлерин казак жериндеги тополоңду басыш үчүн чакырды. Аны "көтөрүлүштү уюштургандар чет элден даярданганы" менен негиздеди. Анысына бир да далил келтирген жок. Өкмөттү кызматтан кетирүү да кемчиликтерди моюнга алуу иретинде эмес, аргасыз амал катары жасалды. Бул элдин нааразылыгын басууга өбөлгө түзбөйт. Эгер бийлик тополоңду баскысы келсе, аны башкарып алышы керек болчу. 


Жалпысынан бул окуя казак бийлиги түпкү кызыкчылыгы жагынан да, аң-сезими жагынан да өз элинен канчалык алыс экенин көрсөтүүдө. Анткени ушундай кыйчалыш кырдаалда өз элине башка тилде кайрылып, анан ошол тилдин ээси болгон элдин аскерлерин өз өлкөсүндөгү тополоңду басыш үчүн чакыруу - бул эң жогорку деңгээлдеги ачыктан-ачык мамлекеттик чыккынчылык катары баалана турган нерсе. 


Эгерде казак бийлиги кимдир-бирөөнү эл аралык террорчу деп айыптаса, анда алар кайсы уюмдан экенин, артында кайсы мамлекеттер турарын расмий, ачык айтыш керек. Ал башка булактар аркылуу далилдениши керек. Айта албаса - жалаа. 


Тескерисинче, Казакстандагы элдик толкундоодо бирдиктүү лидердин, конкреттүү штабдын жоктугу бул чыныгы элдик көтөрүлүш экенин, уюштурган эч ким жок экенин көрсөтүп турат. Маселелер көп жыл бою бышып жетилген, ал эми анын катализатору - бийликтин олдоксон аракеттери болду. Ошол эле учурда бирдиктүү лидердин жоктугу туруксуздуктун коркунучун да күчөтөт. Эгер бийлик алмаша турган болсо, мурдагы бийликтин ордуна келчү жаңылары даяр болуп, ал тез арада ордун ээлегени жакшы. Антпесе эгемендикке коркунуч күчөй берет. 


Күч түзүмдөрүнө каршы колдонулганы айтылып жаткан курал ошол түзүмдөрдүн аскерлеринен тартып алынган. Бул 2010-жылы "Форумдун" алдына курал менен барып, аны тарттырып ийгенден кийин жоопкерчиликти элге жүктөгөн бийликтин сценарийине окшоп турат. Бийлик мындай учурда кимди болбосун атып өлтүрүп, аны көтөрүлүштүн катышуучуларына шылтай берерин Кыргызстандын тажрыйбасы көрсөткөн. 


Тилекке каршы, эл башындагы эң чоң жегичтер үчүн кырдаалдан кутулуунун эң оңой жолу - өзү жеген акча үчүн өз өлкөсүн карызга батырып эч нерсе билбегенсип четке чыга берүү, анын кызыкчылыгын башка мамлекетке сатып кетүү, анан өзүнөн башкалардын баарын күнөөлөп отура берүү. Бул кыргыз эли башынан өткөргөн, балким дагы өткөрө турган тажрыйба. 


Азырынча биз ойлоно турган нерселердин биринчиси - Казакстан аркылуу келип жаткан товарлардын өздүк наркы жана баасы. Күйүүчү май кымбатташы күмөн, анткени ал бизге Орусиядан келет. Бирок башка товарлар кымбатташы толук мүмкүн. Бул бизде ансыз да кыйынчылыкка учурап жаткан экономикалык абалга ого бетер сокку ура турган жагдайлардын бири. 


Экинчи алына турган сабак - кыргыз бийлиги Асман шаары сыяктуу карызга батыра турган, көбүнчө зыяндуу демилгелерден баш тартып, чек араны бекемдеп, орто жана чакан бизнеске зыян келтире турган кадамдардан карманып турганы дурус. 


Үчүнчү тыянак - кыргыз дипломатиясы 44 орус мектеби эмнелерге алып келерин туура түшүнүп, Орусиянын Украинадагы, Беларустагы жана Казакстандагы арааны Кыргызстандын эгемендигине да коркунуч келтирерин түшүнө турган убак келди. 


Андыктан расмий Бишкек Казакстанда абал толук турукташып, казак эли өз тагдырын өзү чечмейинче кырдаалга кийлигишүүнүн гуманитардык жардамдан башка варианттарынан карманып эле турганы дурус. Айрыкча орус бийлигине жан тартып же Москванын позициясына кошулган билдирүүлөр кыргыз дипломатиясына зыян гана алып келет. Анткени кошуна деген түбөлүк нерсе. 


Жыргалбек Касаболот, журналист 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн