Баш оона 22, 2025
Убакыт: 09:46
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

Токио-2020: Эртең кыргызстандык балбан эркин күрөш боюнча мелдешке чыгат

05.08.2021 15:51
1465
Токио-2020: Эртең кыргызстандык балбан эркин күрөш боюнча мелдешке чыгат

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Олимпиада-2020 мелдешинин баштапкы этабында индиялык балбан менен беттешет.


Бүгүн 65 килограмм салмактагы балбандар таразага түшүп, чүчү кулак кармашканын өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирди. 


Кыргызстандык балбан мелдештин 8/1 этабында индиялык атлет Баджранг Пуния менен күрөшөт. Оюндар эртең, 6-августта, саат 08:00дө башталат. Мелдешти КТРК Спорт каналы түз алып көрсөтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн