Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:31
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Токио-2020: Кыргызстандык дагы бир жөө күлүк Олимпиадага жолдомо утту

04.07.2021 17:05
1064
Токио-2020: Кыргызстандык дагы бир жөө күлүк Олимпиадага жолдомо утту

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү Нурсултан Кеңешбеков Токиодогу Олимпиада оюндарына лицензия алды.


Японияда өтө турган оюндарда Кеңешбеков 5000 метр аралыкка чуркары маалым болду. Алдын ала жарыш 3-августта, ал эми финал 6-августта болот.


КРнын Жеңил атлетика федерациясы жана Улуттук олимпиада комитети бул маалыматты азырынча тастыктай элек.


Кеңешбеков Кыргызстандын атынан жайкы Олимпиада оюндарына катыша турган он сегизинчи спортчу болду. Ага чейин жолдомону Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов,Үзүр Жузупбеков, Эрназар Акматалиев (грек-рим жана эркин күрөшү), Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая (жеңил атлетика, марафон чуркоо), Роман Петров (фехтование), Каныкей Кубанычбекова (ок атуу), Денис Петрашов (сууда сүзүү), Айаал Лазарев (күрөш), Владимир Золоев (дзюдо) жана Бакдөөлөт Расылбеков (оор атлетика), жеңген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн