Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына Кыргызстан дагы бир жолдомо утту. Бул тууралуу "Спутник Кыргызстан" билдирди.
Маалым болгондой, ок атуу боюнча спортчу Каныкей Кубанычбекова Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды.
Эске салсак, буга чейин дүйнөлүк олимпиада оюндарына Кыргызстан 14 лицензия утуп алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн