Бугу 16, 2024
Убакыт: 18:48
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Токио-2020: Олимпиада оюндарына бара турган кураманын параддык кийими даярдалды

13.07.2021 11:51
1196
Токио-2020: Олимпиада оюндарына бара турган кураманын параддык кийими даярдалды

Бүгүн, 13-июлда Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрү министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен жолугушту. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.


Марипов Кыргызстандын курама командасынын капитаны Атабек Азисбековго Кыргызстандын желегин тапшырды.


Олимпиада оюдарынын алдында адатта желекти мамлекет башчысы тапшырат. Бул жолу Садыр Жапаров аралыктан иштеп жаткандыктан министрлер кабинетинин төрагасы тапшырды. Президенттин жан сакчысынан коронавирус аныкталган.


Кыргызстандын курама командасынын параддык формасын «Дилбар» мода үйү даярдады. Алар 2016-жылы Риодогу Олимпиада оюндарынын формасын да тигип берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн