Бугу 21, 2024
Убакыт: 20:06
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Токио-2020: Олимпиада оюндарына көрүүчүлөр киргизилбейт

09.07.2021 09:30
1211
Токио-2020: Олимпиада оюндарына көрүүчүлөр киргизилбейт

23-июлда Япониянын баш калаасы Токио шаарында баштала турган олимпиадалык мелдештер көрүүчүлөрсүз өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Олимпиада иштери боюнча министри Тамаё Марукава билдирди.


Анын айтымында, мындай чечим коронавирустун "дельта" деп аталган жаңы штаммынын жайылуусуна байланыштуу кабыл алынды.


"Көрүүчүлөр баш калаанын сыртында өтө турган айрым мелдештерге киргизилиши мүмкүн. Ал боюнча чечимди аймактардын бийликтери кабыл алышат", — деди министр.


Буга чейин жапон өкмөтү оюндардын ачылуу аземин көрүүчүлөрсүз өткөрүү жана мелдештерге он миңден ашпаган жергиликтүү гана көрүүчүлөрдү киргизүү тууралуу чечим кабыл алган.


Былтыр коронавирус пандемиясынан улам жылдырылган XXXII Жайкы Олимп оюндары 23-июлдан 8-августка чейин Токио шаарында өтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн